• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

18 Баш оона 2022 14:24 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 20-22-август күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 20…25 градус, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9 градус, күндүз 18…23 градс болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17⁰, күндүз 24…29⁰, тоо этектеринде түнкүсүн 7…12⁰, күндүз 21…26⁰.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2⁰, күндүз 12…17⁰, Ысык-Көл облусунун өрөөндөрүндө түнкүсүн 6…11⁰, күндүз 18…23 градуска жетет.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7⁰, күндүз 19…24⁰, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6⁰, күндүз 10…15⁰, бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7⁰, күндүз 3…8⁰ка чейин төмөндөйт.

Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Количество просмотров: 210