• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ӨКМ: Дарыяга агып кеткен жергиликтүү тургун табыла элек

1 Жалган куран 2018 14:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2018.Govori.TV

Кара-Кулжа районунда дарыяга агып кеткен жергиликтүү тургун табыла элек. Бул туурасында  Govori.TV сайтына ӨКМнын басма сөз борбору билдирди.

Андагы маалыматта дарыяга агып кеткен жергиликтүү тургунду издөө иштери улантылып жатканы жана издөө иштерине 131 киши анын 6 ӨКМнын куткаруучусу, 4 ИИМ кызматкери жана калганы жергиликтүү тургандары тартылганы жазылган.

Белгилей кетсек, кечээ 28-февралда саат 08:50 чамасында 1974-жылы туулган М.М. Ичке-Суу айылындагы Тар дарыясына агып кеткени маалымдалган.

Количество просмотров: 3