• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өкмөт башчылыкка М.Абылгазиев, спикерлик кызматка И.Өмүркуловдун талапкерлиги көрсөтүлүшү мүмкүн

19 Чын куран 201812:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19. 04. 2018. Govori.TV
Алдын ала маалымат боюнча премьер-министрлик кызматка Мухаммедкалый Абылгазиев болушу, ал эми спикерлик кызматка Иса Өмүркуловдун келиши күтүлүүдө. Бул туурасында бүгүн 19-апрелде эки фракциянын лидерлери билдирди.
Мындан сырткары өкмөт башчылыкка  «Бир Бол» фракциясынан депутат Акылбек Жапаровдун кандидаты да  көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча оппозициялык фракциялардын сунушун колдоду. Учурда премьер-министрлик кызматка үч талапкердин аттары аталды.
Жыйынтыгы түштөн кийин билинет. 
Количество просмотров: 50