• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өкмөт «Мегакомду» сатыкка койду

4 Теке 202312:36 Бишкек Govori.TV

 «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы, мурдагы MegaCom) ЖАКтын акциялары аукционго коюлду.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) кабарлагандай, мамлекеттик акциялардын 100% толук пакети электрондук аукционго коюлду.

«Альфа-Телеком» ЖАКтын мамлекеттик пакетинин акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сом.

«Арыздар 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө кабыл алына баштайт. Кабыл алуу 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө аяктайт. Электрондук аукцион 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат2,-деп жазылат маалыматта.

Электрондук аукцион электрондук соода аянтынын порталында өткөрүлөт.

Количество просмотров: 127