• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өкмөт: Тышкы карыздан коркуунун кереги жок

25 Жалган куран 202417:44 Бишкек Govori.TV

Тышкы карыздан коркуунун кереги жок. Бул тууралуу Администрациянын жогорку даражалуу кызматкери бүгүн, 25-мартта өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыз – бул шарт. Муну бардык ийгиликтүү өлкөлөрдөн көрүүгө болот. Чет өлкөдөн арзан узак мөөнөттүү акчаларды тартпаса, кантип өсөөрү түшүнүксүз.

«Кыргызстандын жараны өлкөнүн тышкы карызы бар деп кооптонуп жатса, бул негиздүү эмес. Ооба, үй-бүлө карыз үчүн тынчсызданышы мүмкүн. Бирок мамлекет үй-бүлө эмес. Бул жерде башка шарттар жана мыйзамдар колдонулат. Үй-бүлө карызы менен мамлекеттин карызын салыштырууга болбойт деген түшүнүктү эл арасында калыптандыруу керек. Акыркы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы ресурстарды, акчаларды жаратып, экономиканы кеңейтет. Быйыл да, келерки жылы да бардык төлөмдөр өз убагы менен жүргүзүлөт. Биздин эл муну сезбейт», — деди президенттик аппараттын кызматкери.

Ал ошондой эле өз сөзүндө, тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн көлөмүн айтты, тагыраагы алар быйыл 474,9 миллион долларды, келерки жылы 538,5 миллион долларды түзөт.

2023-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 280,54 млн долларга жетти. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,53% түздү.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, мунун ичинен 4 млрд 652,73 млн доллар (414 млрд 490,20 млн сом) тышкы, 1 млрд 627,80 млн доллар (145 млрд 13,37 млн сом) ички карыз.

Президент Садыр Жапаров былтыр “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстан мамлекеттик карызга 2022-жылы 33,6 млрд сом, 2023-жылы 48,6 млрд сом төлөгөнүн, 2024-жылы 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралганын билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 101