Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамына кимдер кирди? Такталган тизме…
Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамына кимдер кирди? Такталган тизме…
2 Бирдин айы 2021 14:50 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 2-февралда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап жатат.
Жыйында Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, такталган тизме айтылды.
Премьер-министр — Улукбек Марипов;
Биринчи вице-премьер — Артём Новиков;
Экономика жана финансы министри, вице-премьер — Улукбек Кармышаков;
Өкмөттүн аппарат жетекчиси — Жеңиш Асанкулов;
Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
Юстиция министри — Асел Чынбаева;
Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду. Аны бул кызматка «Республика — Ата Журт» фракциясы сунуштаган. Анда Марипов өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскара турганын айткан.