• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

КМШ өлкөлөрүнүн жаш депутаттары маалыматтык коркунучтарды талкуулашты

16 Жетинин айы 2023 17:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин Жаштар Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өттү. Отурумга Азербайжан, Армения, Беларусь, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын парламенттеринин жаш депутаттары катышты.

Бул жолку күн тартибиндеги негизги маселелердин бири жаштардын интернеттеги маалымат коопсуздугу темасы болду. Парламентарийлер өз өлкөлөрүндөгү жаштардын маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүштү. Анда алар заманбап дүйнөдө саясат менен билим, экономика менен маданият, улуттук жана реалдуулук менен виртуалдык дүйнө чырмалышып турганын, анын негизинде инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугуна ар кандай тобокелдиктер жана коркунучтар көбөйүп, жаштар өзгөчө коркунучтарга дуушар болуп жатканын белгилешти.

Ал эми, өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазов Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкканын белгиледи.

«Бардык көйгөйлөрдү жана коркунучтарды түшүнүү менен Кыргызстан маалыматтык коопсуздукту жакшыртуу боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча кадамдарды жасоодо. Тактап айтканда, маалыматтык коопсуздуктун мыйзамдык базасы жана аны ишке ашыруунун механизмдери калыптанууда, азыркы реалдуулуктун талаптарын эске алуу менен маалымат чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө” — деди ал.

Депутат Дастан Бекешев жаштар параламентинин тарыхына кыскача токтолуп, Кыргызстанда дегеле парламентте жаштардын өзгөчө орду бар экенин кошумчалады. Көп кырдуу жаштардын ордун алмаштыруу, коомдогу көйгөйлөрдү чогуу талдоо жана чечүү үчүн алардын башын бириктирүү, бардык региондон тандалып келген жаштар арасында дебаттарды өткөрүү өз натыйжасын берүүдө.Тагыраагы жаштардын энергиясын агрессивдүү багытка эмес, туура тарбия берүүгө багытоо иштери жүрүүдө”, — деди депутат.

Мындан башка, тараптар отурумда «Орус тили КМШдагы этностор аралык баарлашуунун тили» жылына карата жаштардын эл аралык котормо сынагын өткөрүү демилгесин карап, келерки жылдын иш планын, анын ичинде 2024-жылы КМШда ыктыярчылар жылын өткөрүүнү талкуулашты.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары КМШ ПААнын демилгеси боюнча КМШ ПАА Кеңеши тарабынан түзүлгөн «Эл аралык жаштар кызматташтыгына кошкон салымы үчүн» ардактуу төш белгисин ыйгаруу боюнча сунуштарды карашты.

Теги:
Количество просмотров: 91