• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт

25 Бирдин айы 201910:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019.Govori.TV.

Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын башын бириктирген форум өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Туризмди өнүктүрүү» аталышындагы иш-чара 26-28-февраль күндөрү уюштурулат. Анда катышуучулар тийиштүү мамлекеттик орган, туристтик компаниялар менен биргеликте аталган тармактагы маселелерди талкуулайт.

Тажрыйба алмашууга, КМШнын аймагында ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган форумга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистандан келген жаштар чогулат.

Количество просмотров: 79