• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды 

12 Тогуздун айы 202310:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды.

Отурумда КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле КМШга катышуучу мамлекеттердин кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Количество просмотров: 102