Бишкек. 11. 06. 2018. Govori.TV
8-10 жылдары сел алдында калган шаар табылып, учурда казуу иштери жүрүүдө. Бул туурасында Кочкор районунун Кеч-Дөбө айылындагы тарых изилдөөчүсү Конурбаев Кайырбек Govori.TV маалымат агенттигинин журналисттерине билдирди.
«1988-жылы бул жерде бышкан кирпичтен салынган шаар бар экени белгилүү болгон. Учурда бийиктиги 4 метрди түзгөн шаардын 40% пайызы казылды. Ал эми 6 метр топурагы сел жүргөндө чогулган топурактар. Бул жерде Караханиттер жашаган деген божомолдор бар» -дейт Кайырбек Конурбаев.
Белгилей кетсек, бул жер Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы Көк-Таш аянтында.
Эске сала кетсек, ушу тапта Govori.TV маалымат агенттигинин журналистери Бабалар мурасы. Укмуштуу Кыргызстан деген аталыштагы долбоор менен Нарын облусунун Кочкор районунда жүрөт. Буга чейин Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облусуна барып айтылып келген уламыштар менен жеринен таанышып окурмандарга лонгрид, инфографика аркылуу маалымат берип келет.