• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кокодон алган кымбатчылык…

18 Кулжа 2021 19:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүк, жашылча-жемиш жана башка продукциялар кымбаттоодо. Акыркы жумада сабиздин баасы 100 сомго чыкты. Бишкектеги базарлардын биринде сатуучу болуп иштеген соодагер килограммы 30 сом болгон сабизди ушул күндөрү 100 сомдон сатып жатканын айтты. Эсептей келгенде бакандай 70 сомго кымбаттаган.

Баалардын өсүшү калктын капчыгын кадимкидей бошотту. Эл, өзгөчө айлык акы менен жашагандар, тапкан кирешеси тамак-ашка араң жетип жатканын айтышууда. Ал эми депутаттар бышыкчылык маалда кымбаттаган азык-түлүк баасы убагында жөнгө салууну талап кылышты.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кеңешбай Тайлаков кымбатчылыкты доллардын наркынын өсүшүнө жана тышкы жагдайларга байлады. Ошондой эле ал сүйлөшүп алып бааны көтөргөндөр, ортомчулар боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

Кыргызстанда азыр азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч бар экенин депутаттардын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов парламент жыйынында ачык эле айтты.

Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы бир жылда тбайкаларлык кымбаттады. Мындан ары эмне болот деген таризде айыл чарба жаатында мурда иш алып барган адистердин божомолун угуп көрдүк.

Азык-түлүктүн баасы өлкө оор экономикалык кризиске капталган чакта кымбаттады. Негизи эле калктын кирешесинин азайып, товардын баасынын кымбатташы барып-келип кыргызстандыктардын жашоо-турмушунун оорлошуна алып келет дегендер дагы жок эмес.

Количество просмотров: 1288