• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Комиссия: Ажылык сапарга чогулган акчага 1,8 млн. доллар жетпей турат

26 Бугу 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Мусулмандар дин башкармалыгында түзүлгөн атайын комиссия былтыр ажылык сапар үчүн чогулган акчаны ийне-жибине чейин эсептеп чыкты.

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазиевдин колу коюлуп, Аалымдар кеңешинин “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланган документте чогулган акча кандай которулганы жана ушул тапта анын канчасы кемип турганы кенен жазылган.

Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.
Нет описания фото.

2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9526 адам катталган. Мунун ичинен 5519 зыяратчы ар бири муфтияттын банктык эсебине 3350 доллардан төлөшкөн.

Натыйжада чогулган жалпы 11 418 200 доллардын 1 894 155 доллары кемип турат.

Былтыр пандемиядан улам ажылык үзгүлтүккө учурап, зыяратчылардын акчасы иштетилбей калган.

Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин башкы эсепчиси Жеңиш Бекиевди кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалып, сот сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган. Кийинчерээк эсепчиси да үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 102