• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Reuters: Актауда кыйраган учак орусиянын ракетасы менен атып түшүрүлгөнбү?

5 Бирдин айы 202521:45 Бишкек Govori.TV

Актауга жакын жерде кыйраган Азербайжан аба жолдорунун учагы орусиялык «Панцир-С» абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлгөнүн Рейтер агенттиги өлкөнүн өкмөтүндөгү булагына таянуу менен билдирди.

«Азербайжан тарапта «Панцир-С» ракетасынын фрагменттери бар, ал учактан чыгарылып, эл аралык экспертизанын жардамы менен аныкталган», — деди агенттиктин булагы.

Казак бийлиги кырсык боюнча алдын ала отчетту 4-февралда таратты. Анда учактын системаларында табылган зыянга сырткы объект себеп болгону айтылган.

2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Орусиянын Грозный шаарына багыт алган AZAL Airlines авиакомпаниясынын Embraer E190 учагы Казакстандын Актау шаарында кулап түшкөн. Кырсыктан 38 адам каза болуп, 29 адам аман калган. Азербайжандын президенти Илхам Алиев учактын “жерден аткылоодон улам” кыйраганын айтып, Орусияны айыптаган.

Орус президенти Владимир Путин Алиевден Орусиянын аба мейкиндигинде болгон “окуя” үчүн кечирим сураган. Ал белгилегендей, Бакудан келген учак Россия Федерациясына конууга аракет кылган учурда, Грозный, Моздок жана Владикавказ шаарларына украиналык учкучсуз учактар ​​чабуул кылышкан жана «Орусиянын абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарган».

Количество просмотров: 308