Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын расмий сайтында маалымдалат.
2023-жылдын 5-майында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгына 30 жыл толот.
«Ар бир мамлекеттин конституциясынын мазмуну мезгилдин талабына ылайык өркүндөтүлүп жана жаңыланып турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан негизги мыйзамга кийинчерээк конституциялык реформалардын жүрүшүндө жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген. Азыркы мезгилде Конституция элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, коомдук өнүгүүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын жаратмандык потенциалы түгөнбөйт жана зарыл социалдык-экономикалык, саясий жана башка өбөлгөлөрдүн пайда болушуна жараша ачылат. Бүгүнкү күндө жалпы таанылган демократиялык принциптерди ырааттуу бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин күчөтүү өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер болуп саналат»,-деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эгемен мамлекет катары алгачкы Баш мыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Тунгуч президент Аскар Акаевдин тушунда анын жеке бийлигин чыңдоо үчүн Конституция 1994-1996-1998-2001-2003-жылдары, баш-аягы беш жолу өзгөрүүгө дуушар болгон.
Ал эми кийинки президент Курманбек Бакиевдин учурунда Конституция үч ирет оңдолуп-түздөлгөн.
Мурдагы президент Атамбаев 2016-жылы Баш мыйзамга дагы бир жолу оңдоо киргизүүнү сунуштап, анда өкмөт башчысынын ыйгарым укуктары кеңейген.
Ал эми 2020-жылы бийликке келген Садыр Жапаров дагы Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгууну демилгелеген. Конституциялык кеңешме өлкөнү президенттик башкарууга кайтарып, депутаттардын санын 90го чейин түшүрүүнү сунуштаган.
2021-жылдын апрелинде өткөн референдумда шайлоочулар жаңы Конституцияны колдогон. Ошол эле жылдын 5-майында Жапаров ага кол койгон.