• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча сынактын жеңичүүсү азырынча “ВЕГА” акционердик коому болду

4 Аяк оона 2018 17:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.09.2018.Govori.TV

Бүгүн, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде (МТБМК), “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кайрадан  сынак өткөрүлдү.

Аукциондун жыйынтыгында орусиялык акционердик коом «Концерн радиостроения  “ВЕГА”, минималдуу 1 млрд 125 млн 765 миң 277 сом 48 тыйын  көрсөткүчтү көргөзүп, азырынча утушка ээ болду.

Сынакка жалпысынан үч компания катышканы белгилүү болду.  Булар,  АК  «Концерн радиостроения ВЕГА», «Безопасность информационных систем» жана  ЗАО «Альфа Телеком», -компаниялары.

Калган 2 компания  аталган ишканадан жогорку бааны сунушташкан.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендердик коммисиянын төрагасы Кубаныч Шаатемиров “Аукциондон кийин атайын  комиссия сынактык билдирме документтери менен таанышып, жана ага баа берилгенден кийин, жыйынтыгы жуманын аягына чейин билинээрин кошумчалады”.

 

Анын айтымында атайын коммисия жыйынтыгында, башка компанияны тандап алуусу деле мүмкүн. Себеби, сынактык комиссиянын, кесиптик жана техникалык талаптарга ылайык келүүсүнө баа берүүсүнөн көз каранды.
Количество просмотров: 29