• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коопсуздук кеңешинин жыйынында жаңы антикоррупциялык стратегия каралат

26 Баш оона 2020 18:10 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы эркин эксперттердин менен биргеликте 2021-2024-жылдарга карата Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттер жана себептерин жоюу боюнча мамлекеттик жаңы стратегиянын долбоорун иштелип чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

26-августта Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбековго жаңы стратегиянын долбоорун доклад кылды. Жакынкы күндөрү долбоор Коопсуздук кеңешинин жыйынында талкууланат.

«Аталган мыйзам долбоору менен иштиктүү антикоррупциялык механизмдер киргизилет жана бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерине көзөмөлдөө олуттуу катаалдаштырылат. Аны кабыл алуу менен биздин декларациялык кампания бир топ эле натыйжалуу болот», — деп жыйынтыктады Дамир Сагынбаев.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы алмашылып жаткан тенденциялар коррупция менен күрөшүүдө жаңы ыкмаларды талап кылып жатканын белгиледи. Жаңы антикоррупциялык стратегияда актуалдуу багыттардын бардык комплексинин камтылышы маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү түп-тамыры менен жоюуда заманбап санарип технологияларды натыйжалуу колдонуунун зарылдыгына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы стратегия жакынкы жылдарга карата өлкөнүн базалык антикоррупциялык документи болушу керектигин баса белгиледи. Ал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинин ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун көтөрүүгө, мамлекеттик бийликке коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө өбөлгө болот.

Количество просмотров: 147