• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан көтөрө турган маселелерди айтып берди

4 Кулжа 20260:52 Бишкек Govori.TV

2026-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасы 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке жеттик, деп президент Садыр Жапаров өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Президент БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан көтөрө турган маселелерди айтып берди. Анын айтымында, Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алат.


«Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргыз Республикасы эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого, эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу илгерилетүүгө ниеттенебиз». — дейт президент


Президент Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенин билдирди.


Андан тышкары, президент Кыргыз Республикасы шайлоо өнөктүгүнө татыктуу катышканы жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик жана өз ара урматтоо духунда өткөн конструктивдүү атаандаштыгы үчүн Филиппин Республикасына өзгөчө ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 116