Кыргызстанда 27 -апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 13 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 6;
— Ош шаарында 1;
— Ош облусунда 1;
— Чүй облусунда 2;
— Нарын 1;
— Ысык-Көл облусунда 2.
«Орусиянын Соль-Илецк шаарында чек арада бир айдан ашык кармалып турган жарандарыбыздын биринен коронавирус аныкталды. Ошондой эле Новогород шаарынан келген жараныбыз сыркоолоп, дарыгерге кайрылган. Андан дагы коронавирус аныкталган. Анын үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсүнө вирус жуккан», — дейт министрдин орун басары.
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 695 адамга жетти.