• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коронавирус: Караколдо мал базары жабылды

19 Жалган куран 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мал базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кабар» жазды.

Мындай чечим коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирустун үч учуру катталган. Ооруга чалдыккандар үч эркек – Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жашоочулары. Алар Сауд Арабиясына умрага барып келишкен.

Количество просмотров: 153