• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды

12 Теке 2021 14:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өлкөдө калкты жапырт эмдөө башталганын жарыялады.

Коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштейт.

«11-июлдан баштап вируска каршы массалык эмдөө башталды жана биринчи кезекте, 1 миллион 312 450 адамды түзгөн, тобокел топтор эмделет. Алар медициналык, социалдык жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 60 жаштан жогорку жана өнөкөт оорулары бар адамдар, калктын социалдык жактан аярлуу катмары», — деп билдирди Бакашова.

Вакцина акысыз, 18 жаштан улуу бардык жарандар ала алышат.

Эмдөөнү ырааттуу уюштуруу үчүн Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдары 900 ыктыярчыны даярдады. Алар өлкө боюнча убактылуу эмдөө пункттарына барган адамдарды каттоо жана башка иштерге жардам бермекчи.

11-июль күнү Кыргызстанга Кытайдан бир миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнө өлкө боюнча 130 миңге чукул адам катышты.

Количество просмотров: 101