• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Коррупцияга шектелген Маанаев кайра Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болду

24 Аяк оона 2023 14:18 Бишкек Govori.TV

Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Токтобай Маанаев кайра Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташканын Kaktus.media жазды.

Маалыматка караганда, ал министр Алымкадыр Бейшеналиеадин 22-сентябрдагы буйругу менен дайындалган.

Эске салсак, Улуттук госпиталдын мурдагы башкы дарыгери үстүбүздөгү жылдын март айында кармалган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын билдирген.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, медициналык буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактылары аныкталганын маалымдаган.

«Шектүү дары-дармек сатып алууда мыйзамсыз келишим түзгөн, мунун айынан өлкө бюджети жалпысынан 40 млн. сомдон ашык зыян тарткан» деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Маанаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин(УКМК) убактылуу тергөө абагына 2 айга камалган. Кийин Маанаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен 21-июнда үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

Теги:
Количество просмотров: 750