• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кош бойлуулар эмдөөдөн өтсө болобу? Адистин жообу

12 Теке 2021 11:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров брифинг учурунда коркунуч тобундагы кош бойлуу келиндер эмдөөдөн өтсө болоор-болбосун айтып берди.

Анын айтымында, эмдөөгө, дары-дармектерге, айрым азык-түлүккө аллергиясы бар, COVID-19 жуккан жана айыккандардын плазмасы менен же моноклоналдык антителолор менен дарыланган, ошондой эле тромбоз жана тромбоцитопения синдрому коркунучу бар кош бойлуу аялдарга эмдөө жасоо болбойт.

“Ар кандай дары сыяктуу эле, вакцинанын дагы терс таасири болушу мүмкүн: жеңил температура, инъекцияланган ооруусу, 1 же 2 күн бою өзүн жаман сезүүсү. Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана кесиптик ассоциациялар сыяктуу уюмдар келечектеги кош бойлуулукту пландаштыргандар, өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга кош бойлуулуктун 20-22 жумасынан кийин ыктыярдуу макулдугунан кийин эмдөөнү сунушташат”, — дейт ал.

Количество просмотров: 569