• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Костанай облусундагы өрткө байланыштуу токой чарба башчысы камакка алынды

16 Аяк оона 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Костанай облустук прокуратурасы «Басаман токой чарба мекемесинин» жетекчилигине карата сотко чейинки тергөө иштерин баштады. Сентябрдын алгачкы аптасында бул аймакта ири өрт катталган.

Жергиликтүү «ТоболИнфо» басылмасынын маалыматына караганда, аталган токой чарбасынын башчысы Асхат Жакашев 15-сентябрда Аулиекөл райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

«Жакашев азыр тергөө абагында. Анын иши Аулиекөл районундагы ири өрткө байланыштуу. Жалын дал Басаман токой чарбасында тутанып, кийин Семиозерный токой чарбасына жайылган. Жалпысынан өрт 43 гектардан ашык аянтка жайылып, 91 турак жай зыянга учураган», – деп жазылган облустук прокуратуранын билдирүүсүндө.

Мекеме учурда бул иш боюнча «Отко этиятсыз мамиле кылуу менен өзгөчө ири зыян келтирүү», «Токойду жок кылуу» жана «Өрт коопсуздук талаптарын аткарбагандан улам эки же андан көп адамдын өлүмү» беренелери менен тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Сентябрдын башында Казакстандын Костанай облусунда өрт он миңдеген гектар токойду каптап, Аулиекөл районундагы бир нече айылды зыянга учураткан. 2 миңге жакын адам турак жайсыз калып, бир киши өлүп, дагы бирөө дайынсыз жоголгон. Бийлик айыл тургундарына жоготуулардын ордун толтурууну жана үйлөрүн калыбына келтирип берүүнү убадалаган. Бирок өрттөн жабыркагандар үчүн курулуп жаткан үйлөр жашоочулардын купулуна толбой, төлөнө турган кенемте өтө аз экенин айтып жатышат. Мындан тышкары алар турак жайлар саздак жерге курулуп жатканын, үйлөр нымдуу болорун билдирүүдө. Алардын айтымында, өрттөн кийин облуска барган президент Касым-Жомарт Токаев айрым тургундар менен гана жолугуп, ошолордун гана маселесин угуп кеткен.

Количество просмотров: 92