Костанай шаарындагы Амангелди жаңы конушунда бир кабаттуу үй жарылды. Куткаруучулар билдиргендей, урандылардын астында жети адам болушу мүмкүн.
Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, имарат Энергетиктер көчөсүндө жайгашкан. Аталган аймакта газ жарылып, натыйжада бир кабаттуу имарат толугу менен урап, жети киши урандылардын астында калган.
Департаменттин окуя болгон жерден тарткан кадрларынан ураган үй менен өрттөнгөн техниканы көрүүгө болот.