Ысык-Көлдө котормочу болуп иштеген кызды сабап, бетине түкүргөн деген шек менен чет өлкөлүк жаран кармалды.
Ысык-Көл райондук милициянын маалыматына ылайык, 15-июнда Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну Э.М. арыз менен кайрылган. Ал чет өлкөлүк жаран Л.Ю. анын аброюна шек келтирип, жаакка чаап, түкүрүп, бейбаштык аракеттерди жасаганын билдирген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө арыздануучу Ысык-Көл районундагы курулуш компанияларынын биринде котормочу болуп иштегени аныкталган.
Милициянын маалыматында, 15-июнда саат 19:13 чамасында сейилдеп жүргөн учурда Л.Ю. аттуу чет өлкөлүк жаран анын жанына келип, жаакка чаап, түкүрүп жиберген.
Алгач милиция соттук-медициналык экспертиза дайындап, окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.
17-июнда экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголду.
Милициянын маалыматына ылайык, 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бул окуя тууралуу маалымат буга чейин социалдык тармактарда тараган.
Өзүн кытайлык компанияда котормочу болуп иштейм деп тааныштырган кыз аны кытай жараны сабаганын айтып чыккан.