• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

КР эл артисти Татьяна Стрельцова каза болду

19 Жетинин айы 2023 11:20 Бишкек Govori.TV

70 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын таланттуу актрисасы, мыкты педагог-устат Стрельцова Татьяна Дмитриевна узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Татьяна Дмитриевна Стрельцова 1953-жылдын 15-февралында Казак ССРинин Москалевка поселогунда туулган.

1972-жылы театралдык студияны аяктагандан кийин Н.К. Крупская атындагы орус драма театрында иштей баштаган. 40 жыл аралыгында театрда 70тен ашык ролду жаратып, алдыңкы актрисалардын бири болгон. Алардын арасында “Дети Ванюшина” спектаклинде Иннанын, “Живи и помни” спектаклинде Агафьянын, “Оскар и Розовая дама” спектаклинде Оскардын жана башка көптөгөн ролдорду ойногон.

Ар кайсы жылдары Стрельцова Татьяна Дмитриевнанын сахнадагы чеберчилиги биздин республикада гана эмес, чет өлкөлөрдө да театр сынчылары тарабынан жогору бааланып келген. Анын “Смотрите, кто пришел”, “Ночевала тучка золотая”, “Звезды на утреннем небе”, “Вся надежда”, “Живи и помни”, “Без вины виноватые”, “Борис Годунов” жана башка спектаклдерде роль жараткан жөнүндө “Театр”, “Театральная жизнь” журналдары, “Советская культура”, “Вечерний Ленинград”, “Гастрольная пресса” газеталары жазган.

Акыркы жылдары укмуштуудай талантын ачкан өзгөчө кызыктуу ролдору актрисанын “Борис Годунов” спектаклиндеги жана “Оскар и Розовая дама” моноспектаклиндеги ролу болду. Актрисанын ар бир ролу бул сахна табылгасы, так белгиленген мүнөзү же түрү болуп, ар дайым көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун тапкан.

Театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 1983-жылы Татьяна Стрельцовага “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти”, ал эми 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наамы ыйгарылган. Ал көп муундагы көрүүчүлөр үчүн аялзатынын эталону жана театрдагы кесиптештери үчүн сахнага кызмат кылуунун үлгүсү болгон.

Татьяна Стрельцованын өлкөбүздүн театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис. Ал сыяктуу өз кесибинин чебери өлкөбүздүн сыймыгы жана актердук чеберчиликтин мыкты салттарын сактап калуунун жана аларды келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүнүн кепили болуп саналат.

Татьяна Стрельцованын үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Жапаров, Н. Шакиев, А. Жапаров, З. Базарбеков, Э. Осконбаев, С. Касмамбетов, А. Касымалиев, К. Ташиев, Б. Торобаев, Э.Байсалов, С. Жээнбеков, Р. Отунбаева, Дж. Исаева, Н. Азыгалиев, Н. Сыдыгалиев, А. Кадыралиев, А. Максутов, Т. Ажымалиев, В. Нефедов, С. Бардаков, Т. Казаков, А. Өзүбеков, Б. Куланбаев, Н. Абдыкадыров, Н. Асанбеков, А. Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, С. Суслова, С. Раев, Ж. Кулмамбетов, А. Текешев, Л. Любомудрова, А. Адали, К. Турапов, К. Осмонов, Т. Чокиев, М. Бектеналиев ж.б.

Теги:
Количество просмотров: 330