• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

«Кримдүйнөдөн баш тартпаптыр». Ташиев Женгону Бишкекке алып келүү тапшырмасын берди

23 Жетинин айы 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Женго каймана аты бар Кадыр Досоновду Оштон Бишкекке алып келүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, айрым УКТ мүчөлөрү экранга кримдүйнөнүн идеяларынан баш тартам деп сүйлөп коюп, бирок токтотушкан эмес.

«Женго баш тартарын (кримдүйнөдөн – ред.) баарынын алдында айткан. Жок, ал баш тартпаптыр. Экранга айтып коюп эле ишин мурдагыдай улантып жатат. СИЗОдо отуруп алып бизнесмендерди, кылмышкерлерди башкарып турган. Мен аны улантпай тургандай, эч качан кылмыштуу топтордун лидери болбогудай кылам», — деди УКМК төрагасы.

Количество просмотров: 10468