• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Ксения Собчактын штабына «Өлтүр. Же кайтала» деп жазылган кат таштап кеткен

10 Үчтүн айы 2018 10:07 Бишкек Govori.TV

9-январда  Орусиядагы   2018-жылы боло турчу президенттик шайлоого
талапкер  
Ксения Собчактын Санкт-Петербургдагы штабынын кызматкерлери белгисиз киши «Өлтүр. Же. Кайтала» деп жазылган кат таштап кеткенин билдиришип, полицияга кайрылышты.

Штабдын координатору Николай Артеменконун «Новая газетага» билдиришинче, кат Пелевин менен Кастанеданын китептери салынган баштыкта болгон. Айтымында, аны алып келген киши «Биз баарыңарды ачыкка чыгарабыз» деп айтып, имараттын дубалына антисемисттик сөздөрдү жазып кеткендигин билдирген.

Ал эми бул окуяга байланыштуу полиция кызматкерлери бул окуяны штаб кызматкерлеринин өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч катары  эсептебейт.

Эске салсак, декабрдын  аягында теле алып баруучу Собчак Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырган. Ал өзүн «бардыгына каршы» талапкер деп атап келет. Айрым ММКлар анын талапкер катары көрсөтүлүшүнө президенттик администрациянын тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн жазышкан. Бирок Собчак Кремль менен байланышы бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке кагып келет.

 

 

Количество просмотров: 3