• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сузактагы кырсык. Балдарды массалык иш-чараларга тартуу туурабы?

8 Бугу 2024 16:28 Бишкек Govori.TV

 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган.

Окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

Өрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышты. Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык иш-чараларды уюштурууга балдарды тартууга тыюу салууну тапшырды.

Балдарды массалык иш-чараларга тартуу туурабы? депутаттардын пикирин уктук…

Количество просмотров: 428