• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Ошто эркек киши аялын сабаган деп шектелип кармалды

12 Бугу 202416:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн социалдык түйүндөрүндө эркектин аялга карата зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу тараган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 10-майдан 11-майга караган түнү саат 02:00дөр чамасында Фрунзе базарынын аймагындагы сулуулук салонунун кире беришинде болгон.

Окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эч кандай даттануулар болгон эмес, деп кошумчалады башкармалык. Бирок видео жарыялангандан кийин окуя үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катары катталган. Бул иш Ош ОИИБнин көзөмөлүнө алынган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бүгүн саат 16:00дөр чамасында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2001-жылы туулган жаран кармалган «, — деп билдирди ведомстводон.

Количество просмотров: 115