• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

КТРКнын директорлугуна талапкерлердин 8и кийинки турга өттү

2 Жалган куран 2019 2:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.03.2019. Govori.TV

КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки турга өттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын Байкоочу кеңеши кабарлады.

Маалым болгондой, Байкоочу кеңеши, 1-мартта 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил Турдукулов, Сураган Босумбаева, Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Замирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөрдү.

Финалдык тур 6-мартта өтөт. КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан.

28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган.

Теги:
Количество просмотров: 14