• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кудайберген Базарбаев: «Сахаровонун филиалы ноябрда ачылып калат…»

31 Тогуздун айы 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Москвадагы “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борбору күнүнө 500гө жакын кыргызстандыкты тейлеп келээри айтылган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Россия Федерациясы «мигранттарга болгон талабын күчөткөндөн» тарта мындай жагдай кыргыз мигранттарына дагы ыңгайсыздык жаратып келген.


Маалыматка ылайык, министрлик Москвадагы «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборунда ЕАЭБ жарандары, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн өзүнчө «2А» кире бериши ишин улантып жатканын маалымдайт. Кыргызстандын жарандары комплекстин ичинде да баштапкы этапта өзүнчө бөлмөдө тейленет (секторлор арасында өтүү үчүн электрондук браслет алуу, керектүү арыздарды жана бланктарды толтуруу).


Ошол эле учурда жарандарды медициналык кароодон өткөрүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бирдиктүү сектордо жүргүзүлөт. Ал жерде техникалык себептерден улам ЕАЭБ, анын ичинде кыргыз жарандары үчүн өзүнчө кароо уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок.


«Чоң кезектер маал-маалы менен медициналык текшерүү этапында элдин агымы көбөйгөндө жана техникалык мүчүлүштүктөр учурунда пайда болууда. Ушул жылдын 26-февралында техникалык мүчүлүштүктөр болуп, ага байланыштуу жарандардын чоң кезектери орун алган. Бул маалымат социалдык тармактарда ар дайым болуп турчу чоң кезек катары таратылган», деп айтылат билдирүүдө.


«Сахарово» КМБсынын маалыматы боюнча, негизинен узун кезектер жалпы комплекстин сырткы кире беришинде орун алууда, ал эми ал жакка Кыргызстандын жарандары өзүнчө «2А» кире бериштен киришет. Күнүнө 500гө жакын Кыргыз Республикасынын жараны тейленип жатат, орточо күтүү убактысы 3 саатты, элдин агымы көбөйгөн убакта 6 саатка чейин.


Мындай маселени чечүү үчүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарына жумушчу сапары менен барып, тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында ушул жылдын ноябрь айында “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунун филиалдары өлкөнүн Бишкек жана Ош шаарларында ачылганы турат.


Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 125