Сокулук райондук сотунда мурдагы күйөсү тарабынан сабалып, мурду жана кулагы кесилген Аселдин иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Айыпталуучуну залга алып келишкенде Аселдин туугандарынын бири аны сумка менен чаап жиберген.
Эскерте кетсек, коомчулуктун үрөйүн учурган окуя 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында болгон. Азамат Эстебесов беш жыл мурда ажырашкан Асел Ногойбаеванын батирине таң эрте кирип келип, сабап, кулагын жана мурдун кесип салган.