• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кулпунай менен малинанын экспорту көбөйдү

16 Баш оона 202413:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан коңшу Казакстан менен Россия өлкөлөрүнө мөмө-жемишти экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чаврба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы 8 айда Кыргызстан 4616,6 тонна кулпунай экспорттогон. Бул өткөн жылга караганда 20,5% га көп, ал эми малина 1470 тонна эскпорттолуп, бул мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик 36,4% га жогорулаган.

Ошондой эле-2024–жылдын январь-май айларында өлкөдөн 236 миң 572 тонна, 10,9 млн даана жана 1 134 м3 карантинге алынган продукция экспорттолуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товарлардын экспорту 28 миң 280 тоннага, 7,2 млн даанага жана 273 куб метрге көбөйгөн.

Количество просмотров: 176