• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Кулубаев малайзиялык «Public Gold» компаниясына барды

2 Чын куран 2024 11:07 Бишкек Govori.TV

1-апрелде КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири болгон, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды саткан жана чыгарган малайзиялык «Public Gold» компаниясына барды.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, Public Gold компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда Кыргызстанда алтын буюмдарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кыргыз компаниялары менен кызматташууну түзүү маселелери талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев «Public Gold» компаниясынын бул багыттагы чоң потенциалын белгилеп, Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Количество просмотров: 55