• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кулубаев менен Лавров телефон аркылуу сүйлөштү

11 Теке 2022 20:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулап, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралар жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Мындан тышкары тараптар аймактык коопсуздук маселелерине, «Борбор Азия+Россия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө жана Нур-Султан шаарында мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле, тараптар мамлекеттер аралык кызматташуунун жогорку деңгээлин жана динамикасын канааттануу менен белгилешип, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууга макулдашышты.

Количество просмотров: 444