• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кулубаев расмий сапар менен Сауд Аравия жана Бахрейнге барат

18 Кулжа 2022 20:40 Бишкек Govori.TV

Эртең, 19-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапар менен барат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, андан соң 21-22-июнь күндөрү министрдин Бахрейн Падышалыгына расмий сапары болот.

Сапардын алкагында Сауд Аравиясы жана Бахрейндин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда.

Тараптар өз ара кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашат.

Количество просмотров: 121