• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Кулубаев Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

8 Чын куран 2024 14:38 Бишкек Govori.TV

8-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-британ эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Ар кандай деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, өз ара соода тармагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, Улуу Британиядан инвестиция жана технологияларды, ошондой эле сейрек кездешүүчү металлдарды тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун негизги багыттары боюнча өз ара диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Количество просмотров: 92