• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат

24 Бештин айы 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Кумтөр» алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” ишканасынан билдиришти.

Жолугушуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болду. Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердин коомунун сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар, экинчи тараптан “Центерра Голддун” президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты.

Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен катышуучулар талкууну бүгүн, 24-декабрда улантат.

Количество просмотров: 205