• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жумабеков: Кумтөр мамлекет менен элдин пайдасына иштеш керек

6 Чын куран 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

“Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын 100% акциясы өлкөгө тиешелүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабековдун айтымында, Кумтөр мамлекет менен элдин пайдасына иштеш керек.

«Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» деген өңдүү эми кенди иштетиш керек. Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы «Кумтөр» алтын кени Кыргызстанга биротоло өткөнү боюнча түшүндүрмө берди, бул кабар кубандырды. Деген бир жылга жакын убакыттан бери “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилип, үзгүлтүксүз иш жүргөнүн көрүп жаттык. Башында жаралган кыйынчылыктарга туруштук берүү менен биздин адистер ишти жөнгө салып кетти. Мындан ары дагы дыкат иш алып баруу зарыл. Даярдыктар бекем болушу маанилүү. Анткени заводго ар бир тетиктер сырттан келет, баардыгы запас менен камсыз болушу абзел. Алдын ала план түзүлүп, каражат маселеси так болушу шарт»,-деди Жумабеков.

Количество просмотров: 798