Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Курман айт намазынын программасын жарыялады.
Маалыматка ылайык, айт намазы 20-июлда Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттеринде гана санитардык талаптарды сактоо менен окулат.
Айт намазынын программасы:
Эскертүү: айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу талап кылынат.
• Беткаптын болуусу талап кылынат;
• Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат;
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо;
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
• Дааратты үйдөн алуу;
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат;
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.