Курултай Алмазбек Атамбаев бара турган жыйналыш эмес экен
Курултай Алмазбек Атамбаев бара турган жыйналыш эмес экен
20 Жетинин айы 2018 20:59 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.11.2018.Govori.TV.
КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева, Алмазбек Атамбаевдин атына 24-ноябрда боло турчу Курултайга чакыруу кагаз келгенин жарыя салды.
«Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан бул суроого жооп берип кетейин. Бул чогулуш Алмазбек Шаршенович бара турган жыйналыш эмес. Чыныгы коомдун өкүлдөрү болгон демилгечилер четте калып, жеке максаттарын көздөгөн уюштуруучулар басымдуулук кылганы оркоюп эле көрүнүп калды.Башка бул суроого кайрылып келбей эле койсок»,- деди Жолдубаева
Эскерте кетсек, 24-ноябрда Бишкекте коомдук ишмерлер Курултай өткөрөт. Иш чарага президент С.Жээнбеков, жана экс-президент А.Атамбаев чыкырылган.