• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Курултай жыйыны эмес, «курулай» жыйыны болдубу?

26 Жетинин айы 2018 17:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.11.2018. Govori.TV
 “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп аталган коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр уюштурган курултай болуп өттү. Анын жыйынтыгы боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердигине “канааттандырарлык” ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, буга чейин жасаган иштерине укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратурага сунуш берүү каралды.
Курултайдын жыйынтыгында Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу сунушу менен резолюция кабыл алынды. Мындай жагдайлар тууралуу жогорку кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, жыйындын жүрүшүндөгү бир катар жагдайларга токтолуп, курултай жыйыны эмес, “курулай жыйын” болуп калды деп баа берди.
Курултай максатына канчалык деңгээлде жеткени белгисиз, а бирок баа берүү туура эле болду деп эсептейт депутат Тазабек Икрамов.
Мурунку курултайларга салыштырмалуу бул жыйында бир топ өзгөчөлүктөр болду. Анткен менен жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын келечеги тууралуу кеп болбой калды, жалпысынан курултай өз максатына жеткен жок деген пикирин айтты саясат талдоочу Орозбек Молдалиев.

 

Количество просмотров: 30