• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Курултайдын катышуучусу: Коргоо министрин трибуналга бериш керек

25 Жетинин айы 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага Кыргызстан боюнча 1072 делегат катышууда.

Биринчи Элдик курултайды 80 жаштагы экс-депутат Кемелбек Аширалиев ачты.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилерин кошкондо 1400 киши катышууда. 

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Кемин районунан келген делегат Сартпай Курманалиев армиядагы “дедовщина” маселесине токтолду.

«Коргоо министрлигинде терең реформаны жүргүзүү керек. Кыргыз армиясындагы “дедовщинанын” айынан алты айда алты бала өлүп кетти. Эмне үчүн коргоо министри (ред.: Бактыбек Бекболотов) жооп бербейт, аны трибуналга бериш керек. Уставга каршы иштер аткарылса, курултайдын делегаттарынын алдында көзөмөлгө алынсын”, — дейт ал.

Количество просмотров: 553