• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды

21 Бештин айы 202415:31 Бишкек Govori.TV

III Элдик курултайдын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынды.

Элдик курултайдын улуттук кеңешинин маалыматы боюнча, эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү. Алар

Элдик курултайдын катчылыгы тарабынан иш-чаралар планы катары иштелип чыккан соң, президенттин администрациясы аркылуу тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтүлөт.

Элдик курултайдын улуттук кеңешинин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев белгилегендей, иш-чаралар планы президентке сунушталып, тескемеге кол коюп берет.

«Пландын аткарылышы катчылык, президенттин администрациясы, министрлер кабинети менен мониторингге алып көзөмөлдөйбүз. Жоопторун, аткарылышын айтып турабыз», — деди ал.

Количество просмотров: 248