Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте эки күндүк элдик курултай башталды.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, Баткен облусунан — 71, Жалал-Абаддан — 147, Нарындан — 128, Оштон — 179, Таластан — 76, Чүйдөн — 218, Ысык-Көлдөн — 127, Бишкектен — 60, Оштон — 30 делегат катышууда.
Мындан тышкары, 26 эмгек мигранты катышууда, дагы 10 адам диний конфессиялардын өкүлдөрү. Анын 150дөйү аялдар, 924ү эркектер. Жалпысынан он эки улуттун екулдеру делегат болуп шайланды.
Иш-чарага келген делегаттар президент менен жолугушууда Элдик курултайдын статусу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун кабыл алууну, таза суу, чек ара, миграция маселелерин көтөрүшөт.