Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйында билдирди.
“Казак-кыргыз мамилеси курчуп турган учурда Кыргызстандын өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына арыз менен кайрылган. Эки тарап элдешти, маселе чечилди. Эми биз арызды кайра чакыртып алабыз. Биз кырдаалдан чыгуу үчун баардык аракетибизди жумшадык. Ушундай кылса боло тургандыгын баарына белгилүу болду деди”,-Толкунбек Абдыгулов
Ошондой эле чек ара маселесинде жабыр тарткан ишкерлер кароосуз калбайт. Экономика министрлиги азыр чыгымды эсептөөнүн, ишкерлерге жардам берүүнүн жолдорун изилдеп жатканы айтылды.