Жарлык жарандардын патриоттук духун жогорулатуу жана мамлекетик символдорго сый мамиле кылуу максатында чыгарылган.
Мамлекеттик туу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан кабыл алынган. Эгемендүү Кыргызстандын алгачкы желеги 1992-жылдын 5-мартында көтөрүлгөн.
Мамлекеттик желек кызыл түстө. Ортосунда түндүк жайгашкан. Түндүктөн кырк шоола чачырап турат. Кызыл түс эр жүрөктүүлүктү чагылдырса, күндүн нуру тынчтыкты жана бакубатчылыктын, ал эми ортосундагы түндүк Ата-журттун символу. Андан чачыраган кырк шоола кыргыздын кырк уруусун ынтымагын көргөзөт. Авторлор Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.