• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

“Бала ырысы” жөлөк пулу 441 миң балага берилет

8 Кулжа 202611:02 Бишкек Govori.TV

“Бала ырысы” жөлөк пулу үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, 3 жашка чейинки балдарга берилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдө 3 жашка чейин 441 миң бала бар.

“Бала ырысы” жаңы жөлөк пулу президент тарабынан үстүбүздөгү жылдын 8-мартында кол коюлган жарлыкка ылайык, ишке ашырыла баштады. Бүгүнкү күндө жөлөк пулдун бул түрүн берүүнүн ченемдик-укуктук базасы толугу менен дайындалып бүттү. Биз 1-июндан баштап бул маселе боюнча медиа компанияны баштадык. Ал эми 1-июлдан тартып ишке кирет. Өлчөмү минималдык стандарт менен 1 миң 200 сом”, — деди министр.

Мында бийик тоолуу жана айрым чек ара аймактарда жашаган калкка жөлөк пул берүүдө коэффициентке көбөйөрү кошумчаланды.

Количество просмотров: 19