Кыргызгидромет билдирет:
5-6-декабрда кээ бир райондордо кар түшүп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман болот. Бул тууралуу кыргызгидромет билдирди. Өлкөдө 6-декабрда кээ бир райондордо кар жаайт. Ал эми 7-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде бир аз кар жаашы күтүлүүдө. Чүй,Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Ага ылайык, Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. жетет. 8-9 декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. 10-11-декабрда кар жаап, абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.